Токтогулда 50 окуучу боз үйдө билим алууда

Токтогул районунун Анарбек Ибраимов  мектептебиндеги 50 окуучу  боз үйдө билим алышууда. Буга мектеп имаратынын бир бөлүгү кулап калганы себеп болгон.

Аталган мектепке ӨКМ 2015-жылы эле авариялык абалда деген корутунду берген. Бирок жаңы мектеп курулбагандыктан 3 жылга чейин окутуу жүргүзүлө берген. Качан гана имарат кулай баштаганда жергиликтүү бийлик боз үйлөргө көчүрүүгө аргасыз болушкан.

Ушул тапта боз үйдө эки нөөмөт менен 50дөй бала билим алууда.

“ Жамгыр жааган кезде түндүктү жапсак караңгы болот сабак окуй албайбыз. Бүт суулар өтүп, кийимдерибиздин баары ылай болот. Кыш мезгилинде аябай суук жайында  ысык аябай  кыйынчылык болууда.  Бизге жаңы имарат куруп берсеңиздер жакшы болмок эле”- дейт боз үйдө окуп жаткан окуучу Адил Иса уулу.

Кызыл-Өзгөрүш айылдагы Анарбек Ибраимов атындагы мектептин 4 корпусу бар. Алардын үчөөсү 1957-жылы ашар жолу менен курулган. Ал эми окуучулардын санынын көбөйгөндүгүнөн 2011-жылы 23 миллион сомго кошумча корпус курулган.  Учурда жаңы салынган  270 имаратта  633 бала билим алууга туура келүүдө.

 “ Азыр залды экиге бөлүп балдарды жайгаштырдык.   25 тен 50 окуучуну боз үйгө жайгаштырып, окутуп жатабыз. Жаз мезгилинде 1,5 айдан ашык убакыт ушул бөз үйдө окуттук”,-дейт айыл башчы Абдыбек Бекишов

Жергиликтүү бийликтен маалымдашкандай эски мектептин ордуна типтүү 270 орундуу мектеп куруу боюнча өкмөткө кайрылуу жиберилген. Бирок, азырынча мектептин долбоору жана сметалык баасы эсептелип чыга элек.

Ал арада  боз үйдөгү 50 бала суук түшсө кантип окушат, азырынча белгисиз бойдон калууда.

Сүрөт: турмуш

 

 

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген