

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 10 миллиард куб метрден төмөндөдү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынан белгилүү болду.
Бүгүнкү күндө өлкөнүн башкы резервуарында суунун көлөмү 9 млрд 993 млн куб метрди түзөт.
Суунун агып кириши 200 куб метр болсо, кайра агып чыгышы мындан 2,5 эсе көп болуп жатат.
Эске салсак, буга чейин электриктер кышта өлкөдө электр энергиясы маалы менен өчүрүлбөйт, бирок кийинки жыл катаал болушу мүмкүн экенин билдиришкен.
- 19.02.2021