Токмоктогу чек ара өткөрмө пунктунда ок атышууга тиешелүүлөр кармалды

26-январь күнү Токмоктогу чек ара өткөрмө пунктунда болгон ок атышууга тиешелүү жарандар кармалды. Бул тууралуу  Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 31-январь күнү Чүй райондук соту тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-2-пункттары (Опузалап талап кылуу) жана 39-130-беренелери 2-бөлүгүнүн 3-4-пункттары (Киши өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча Дастан Бейшенкулов 2 айга Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынган.

Ал эми Аламүдүн райондук соту тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүгүнүнүн 1-2-пункттарынын (Бейбаштык) негизинде Асхат Усенов 2 айга Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынган.

Учурда бул окуя боюнча сотко чейинки өндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.