Токмокто аялын бешинчи кабаттан ыргытып жиберген жаран 10 жылга камалды

Токмокто аялын бешинчи этаждан ыргытып жиберген жаран 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кабарчысы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мурда соттолгон Абдулла келинчеги менен 25 жылдан ашык чогуу жашаган. Өткөн жылдын 16- апрелинде жубайлардын ортосунда келишпестик чыгып, Абдулла келинчегин бешинчи кабаттан түртүп жиберген. Натыйжада аялы алган жараатынан улам ошол жерде каза болгон.

Тергөө учурунда кылмышкер күнөөсүн моюнга албай, келинчеги өз өмүрүнө кол салгандыгын айткан. Анын айтымында, кырсык болгон күнү аялы болбогон эле тиричилик көйгөйлөрүн айтып, наалыган.

“Ошол күнү келинчегим кооммуналдык кызматтардын акчасы убагында төлөнбөй жаткандыгын, жакында батирден куулуп калаарыбызды айтып, кызына чалып жаткан. Бирок экөөбүз урушкан эмеспиз, мен уктап калган элем. Анан ызы- чуу угулганда чыксам эч ким жок, балконго чыгып карасам аялым жерде жатыптыр, айланасына элдер чогулуп калган экен”,- деп билдирген Абдулла.

Кырсык болгон жерге келген милиция кызматкерлери окуяны суицид деп жыйынтык чыгарышкан. Бирок маркумдун чоң кызы келгенден кийин гана кылмыштын бети ачылып, Жанна киши колдуу болгонуна далилдер чыга баштаган.

“Кызы кошуналардын баарын мага каршы тукуруп койгон окшойт. Мен кантип эле өз аялымы өлтүрөм, менин колуман келмек эмес. Анткени мен ансыз жашай албайм, бир нече жерде иштеп, мени багып келген, өзүм иштечү эмесмин. Мурда дагы соттолгом, абактын кандай экенин билем”,- деген соттолуучу.

Кырсык болгонго чейин Абдулла менен Жаннанын урушуп жаткандыгын уккан кошуналарынын бири Жаннанын жардам сурап кыйкырганын, бир аз эле убакыттан кийин анын жерде жаткандыгын көргөнүн айткан. Бирок кылмышка шектүү Абдулла келтирилген далилдердин эч бирин тан алган эмес.

Экспертизанын жыйынтыгы Жанна күч колдонулуп балкондон ыргытылгандыгын, натыйжада алган катуу жарааттан улам көз жумгандыгын далилдеген.

Соттун жыйынтыгы менен Абдулла 10 жылга эркинен ажыратылып, андан тышкары мамлекетке төлөнүүчү 110 миң сом айып алды.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.