Токиодогу Олимпиада шаарчасында бир нече адамдан коронавирус аныкталды

Токиодогу Олимпиада шаарчасында коронавирусту жуктуруп алган эки спортчу жана Олимпиада оюндарына байланышкан дагы бир адам кеминде 21 адам менен байланышта болушкан. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазып чыкты.

Вирусту жуктуруп алгандардын жеке маалыматтары берилген эмес. Ошол эле учурда, 18-июлда Kyodo агенттиги бул илдетке чалдыккандар Түштүк Африка Республикасынын улуттук футбол командасынын мүчөлөрү экендигин маалымат булактарына таянып билдирди.

Мындан тышкары, 17-июлда оюндар менен байланышкан бир чет элдик журналист жана дагы бир чет элдик жарандан илдет аныкталганы белгилүү болду. Ошондой эле, 18-июль күнү, коронавирус олимпиадалык жайларда иштеген япониялык жумушчуда тастыкталды. Олимпиаданы өткөрүүгө катышкан адамдардын арасында аныкталган инфекциялык учурлардын саны 58ге жетти.

Токио Олимпиадасы 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өтүшү керек болчу. Пандемияга байланыштуу мелдештер бир жылга жылдырылып, 23-июлдан 8-августка чейин болот.

Уюштуруучулар оюндарды чет элдик күйөрмандарсыз өткөрүүнү чечишти, ошондой эле жергиликтүү көрүүчүлөр Токио баш болгон алты япон префектурасындагы иш-чараларга киргизилбейт.

Олимпиада башталаарына төрт күн калганда коронавирустун жайылышына байланыштуу кырдаал оор бойдон калууда.

Япониянын борборунда күн сайын миңден ашуун жаңы учурлардын көбөйүшү сакталууда. 12-июлдан баштап Токиодо эпидемиялык кырдаалдын курчушуна байланыштуу өзгөчө кырдаал режими кайрадан күчүнө кирди, ал 22-августка чейин созулат.

Улуттук олимпиадалык комитеттин маалыматы боюнча, Токио Олимпиадасында кыргыз курама командасынын атынан 16 спортчу катышат.

Токиодогу олимпиадалык оюндарга жалпысынан 18 спортчу катышмак, бирок кыргыз курама тобунан эки спортчу катышуудан баш тартышкан. Спортчулар себебин айткан эмес.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.