Токиодогу Олимпиада оюндарына карата Кыргызстандын курама тобунун спорттук кийимдери көрсөтүлдү

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Токиодогу Олимпиада оюндарына карата Кыргызстандын курама тобунун спорттук кийимин көрсөттү.

Мамлекеттик агенттиктин социалдык тармактардагы расмий баракчасында маалымдалгандай, кытайлык “TESTOR” компаниясы Кыргызстандын курама командасына спорттук кийимдерди даярдаган.

Буюмдардын комплектинде: бир нече футболкалар, атайын курткалар, шамалдан коргоочу жеңил курткалар, бут кийимдер, баш кийимдер жана башка аксессуарлар бар.

Бул формада курама команданын мүчөлөрү машыгып, Олимпиада шаарчасын кыдырып, сыйлык тапшыруу аземине катышышат.

Белгиленгендей, кытайлык “TESTOR” компаниясы спорттук кийимдерди 2018-жылдан бери акысыз берип келет.

Ошондой эле, Кыргыз спортчулары үчүн “Дилбар” мода үйү тарабынан сырткы япон-кыргыз элементтери камтылган кийимдер даярдалды. Ар бир спортчу үчүн даярдалган кийимдин баасы 95 миң сомду түздү. Бардык каражаттар Улуттук олимпиадалык комитети тарабынан каржыланды.



Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.