Токиодогу Олимпиада көрүүчүлөрсүз өтөт

Токиодогу олимпиадалык мелдештер трибунада көрүүчүлөрсүз өтөт. Бул тууралуу Япониянын Олимпиада иштери боюнча министри Тамайо Марукава билдиргенин gazeta.ru жазып чыкты.

Анда маалымдалгандай, мындай чечим коронавирустук инфекциянын “дельта” деп аталган жаңы штаммынын келип чыгышына байланыштуу оор кырдаалдан улам кабыл алынган.

Япониянын борборунан тышкары жерлерде өткөрүлө турган айрым мелдештерде өзгөчө учурлар болушу мүмкүн. Көрүүчүлөргө аларды көрүүгө уруксат берилеби же жокпу, аны облустук бийлик чечет.

Буга чейин Япония өкмөтү оюндардын ачылыш аземин көрүүчүлөрсүз өткөрүү, ошондой эле сынак учурунда трибунага он миңден ашпаган жергиликтүү көрүүчүлөрдү киргизүүнү чечкен.

Токиодогу жайкы Олимпиада оюндары былтыр өтмөк, бирок коронавирус пандемиясынын айынан кийинкиге калтырылган. Мелдештин башталышы 23-июлга, Олимпиаданын акыркы күнү – 8-августка пландаштырылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.