Токиодо Олимпиада өз убагында өтөт

Токиодо Жайкы Олимпиада оюндары 24-июлдан 9-август аралыгында өтөт. Эл аралык Олимпиада комитетинин аткаруу комитети коронавирус коркунучун талкуулагандан кийин ушундай чечим кабыл алды. Комитет спортчуларды мелдешке даярданууга үндөдү.

Келишим боюнча Токио Олимпиаданы жылдын соңуна чейин жылдырууга укугу бар. Бирок оюнду өткөрбөй коюу чечимин Эл аралык Олимпиада комитети гана кабыл алат.

Коронавируска байланыштуу айрым спорттук мелдештер өтпөй же көрүүчүлөрсүз өткөндөн кийин Олимпиаданын болор-болбосу суроо жарата баштаган.

Жапон бийлиги Олимпиада үчүн эч кандай коркунуч жок экенин бир нече жолу билдирген. Оюндарга даярдык көрүүгө азыркы тапта эле 12 миллиард доллар жумшалды.

Өпкөнүн сезгенишине алып келген коронавирустан шейшембиге карата 3116 миң киши көз жумду. Ал эми 48 миңдейи айыгып чыкты. Вакцинасы табыла элек бул илдет Антактидадан башка бардык материктерде же дүйнөнүн 70 өлкөсүндө табылды.

Европада бул вирус эң көп жайылган мамлекеттердин башкы сабында турган Италияда 52 адам илдеттен каза таап, аны жугузуп алгандар 2 миңден ашты. Иранда Кытайдан тараган бул инфекцияга кабылган 1500дөн ашуун адамдын 66сы көз жумду.

Жайкы Олимпиада-2020 көрүүчүлөрсүз өтөт

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген