Тогуз күндөн бери дайынсыз болуп жаткан мергенчинин сөөгү табылды

5-февралда, Алай районунун Будалык айылындагы тогуз күндөн бери дайыны чыкпай жаткан мергенчинин сөөгүн табышты. Маркумдун жансыз денеси райондун  Ат жайлоосунан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Мергенчи 28-январда аң улоого чыгып кеткен. Ошол күнү түштөн кийин үй бүлөсү менен байланышкан. Андан бери дайыны чыкпай, издөө иштерине онго жакын куткаруучу, 20дан ашык күч кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылган.

Азыркы тапта маркумдун сөөгүн тоодон алып келүү иштери жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген