Тоңдо балык уулоого кетип дайынсыз болуп жаткан эки адамдын сөөгү табылды

Тоңдо балык уулоого кетип дайынсыз болуп жаткан эки адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-декабрь күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Каджы-Сай айылынын тургундары – 1948-жылы туулган М.Ю. жана 1965-жылы туулган А.А. аттуу эркек кишилер балык уулоого чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келишкен эмес.

Бүгүн издөө иштерин улантуу үчүн ӨКМден 33 куткаруучу, 7 суучул жана 1 фельдшер, ИИМден 17 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 35 адам тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасында саат 14:40та ал адамдардын сөөгү табылган. Куткаруучулар каза болгон жарандардын денелерин жээке чыгарып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.