Өткөн жылы Кыргызстанга инвестиция 31 пайызга аз тартылган

Өткөн жылы өлкөгө инвестиция тартуу көлөмү мурдакы жылга салыштырмалуу 31 пайызга азайган. Бул тууралуу КРнын экономика министри Олег Панкратов билдирди.

Экономика министри ушул мезгил аралыгында 244 ишкана түзүлүп, цемент, кыш, турмуш-тиричилик техникалары, май сындуу өнүмдөр өндүрүлө баштаганын билдирди.

«Өткөн жылдын 9 айында Кыргызстанга инвестициянын келиши 344 млн долларды түзүп, андан мурдагы жылга салыштырмалуу 31,5 пайызга азайган. Ал ами ушул мезгилде Кытайдан 127 млн доллар келсе, КМШ өлкөлөрүнөн келген инвестициялардын көлөмү 56 млн доллардын чегинде болду. Инвестициянын келишине жергиликтүү тургундардын инвесторлорго каршылык көрсөтүп жатышы, Бишкек ЖЭБи сындуу чуулгандуу соттук иштер да кошумча тоскоолдуктарды жаратып жатканын жашырууга болбойт», – деп кошумчалады ал.

Депутат Анвар Артыков инвестициянын түшүп кетишинин башкы себеби – анын айланасында жүргөн алдым-жуттумдардын артындыгы экенин баса белгиледи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген