Өткөн жылы 258 бала жашоо шарттын начардыгынан 1-класска барган эмес

Кыргызстанда диний себептерден улам 98 бала мектепке барбайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда министрлик тарабынан мектеп жашындагы балдарды эсепке алуу жүрүп жатат. Эсепке алуу учурунда жашаган жерине караган мектепке барбаган окуучулардын саны 2034тү түзгөн. Алардын 889у мүмкүнчүлүгү чектелген балдар болсо, 315 бала окууну таптакыр таштап койгондор экендиги маалым болду. Ал эми 98 бала диний себептерден улам окубайт.

Мектепке барбаган 315 баланын 60%ы акыл эсинен мүмкүнчүлүгү чектелгендер болсо, калган 30%ынын ден соолугу начар балдар.

“2019-жылы сегиз жаштагы 474 бала оорунун айынан 1-класска барган эмес. Ал эми 258 бала үй-бүлөлүк көйгөйлөрдөн улам (документи жок, иштеген балдар) мектепке бара алышпайт”,- деп билдирет министрлик.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, учурда документтери жок мектеп жашындагы балдарга документ берүү чаралары көрүлүп жатат.

Кыргызстанда жашаган жерине катталган 6-7 жаштагы 148 миң бала ушул жылы мектепке барышы керек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген