Өткөн суткада Кыргызстанда 5, дүйнөдө 5500 адам коронавирустан каза тапты

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун берген маалыматы боюнча, коронавирустун жалпы 37 млндон ашык учуру катталып, 1 млндон ашык адам каза болду. Өткөн суткада дүйнөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 347,5 бейтапка көбөйүп, (бул пандемия башталгандан берки рекорддук көрсөткүч) дээрлик 5,5 миң адам каза болду.

Оору эң көп Америкада, Түштүк-Чыгыш Азияда жана Европа көп аныкталууда. Америка – 17 800; Түштүк-Чыгыш Азия – 8000; Европа – 7000; Чыгыш жерортолук деңиз – 2, миңден ашык; Африка -1 млндон ашык; Тынч океандын батыш тарабы – 6,5 миңден ашык;
Акыркы 24 саат ичинде АКШда – 54,5 миңден ашык,
Бразилияда – 12 миңге чукул;
Индияда – 74 300;
Орусияда – 13 600 адамдан короновирус инфекциясы аныкталды.
Эскерте кетсек, 12-октябрда Кыргызстанда коронавирус инфекциясы 298 адамдан аныкталып, 5 бейтап каза болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген