Өткөн суткада коменданттык саатты өлкө боюнча 68 жаран бузду

Өткөн суткада коменданттык саатты бузган  10 жаранга протоколдор түзүлүп, айыппулдар салынды. Бул тууралуу Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди.

7-апрелден 8-апрелге караган түнү Ош облусунда 10 жаран коменданттык саатты бузгандыгы маалым болду. Андан тышкары мас абалында унаа башкарып бара жаткан 2 жаранга 3 000 сомдон жана 17 500 сомдон айыппулдар салынды.

Учурда коомдук саясий абал туруктуу, комендатуранын көзөмөлүндө  экендигин комендант Маликов кабарлады.

Ал эми Бишкекте өткөн сутка ичинде коменданттык сааттын талаптарын 58 адам бузган. Алардын ичинен 8 аял жана 50 эркек экендигин борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Боронов: Мындан ары дарыгерлердин вируска чалдыккан учуру катталбоого тийиш

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген