Өткөн эки суткада төрт райондо сел жүрдү, экөөсүндө өзгөчө кырдаал жарыяланды

Өткөн эки суткада катуу жаандан улам өлкөнүн бир катар аймактарында сел жүрдү. Лейлек жана Аксы райондорунда өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Бүгүн, 14-майда Кара-Кулжа районундагы Кашка-Жол айыл аймагында катуу жаандын кесепетинен Ак-Турпак каналынан  суу ашып, 12  үйдүн короо-сарайына жана 1 үйдүн полуна чейин кирген.

Кечээ, 13-майда болсо  Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагында кечке маал  Шорбулак сел өтүүчү сайдан сел жүрүп, Чимген айылында 2  үйдүн өзүн жана 15 турак үйдүн короосун суу каптаган. Исфана шаарында 1 турак үйдүн жана Акчайыр балдар интернатынын жер төлөсүнө суу кирген. Караташ айылында ички чарбалык унаа көпүрөнү толугу менен сел алып кеткен. Азыр бул аймакта  жолдорду калыбына келтирүү, сел суулары кирген турак жайлар менен социалдык объектилерди тазалоо жумуштары улантылууда.

Өзгөн районунун Мырзаке айыл аймагында  13-май күнү саат 23:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Кандава каналынан суу ашып, Коммунист тилкесинде 15 турак үйдүн короосуна жана 1 турак үйдүн жер төлөөсүнө суу кирген.  Тынчтык айылында 3 турак үйдүн короосун суу каптаган.

12-майда кечке маал   Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагында  Катта-Тал тилкесинде сел өтүүчү сайдан суу ашып, ички чарбалык унаа жолду каптап, жол жабылган. Турак жайларга коркунуч жаралган эмес.  Айылга баруучу айланма жол бар. Бүгүн тешелүү кызмат жолду тазалап жатат.

Аксы районунда 2018-жылдын 12-май күнү болжол менен саат 16:30дар чамасында Кызыл-Туу, Кара-Суу жана Авлетим айыл аймактарында ылдамдыгы секундасына 21-26 метрге жеткен катуу шамал коштолгон жамгыр жаап, турак үйлөрдүн чатырларын учуруп, кокту-колоттон түшкөн сел суулары турак үйлөрдүн короо жайларын каптаган. Ошондой эле, жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Суу айыл аймагынын ички чарбалык жолдорун шагыл тосуп калган.

Кырсык болгон аймактарда тазалоо иштери уланууда. Адистер келтирилген зыян көлөмүн эсептеп жатышат. Ал ортодо туруксуз аба ырайы 16-майга чейин уланарын айтып, ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген