Титаник кемеси кайрадан жолго аттанат

Атлантика океанында 107 жылдан кийин кайрадан Титаник кемеси жолго аттанат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, учурда Кытайда курулуп жаткан “Титаник 2” кемеси  2022-жылы Англиянын  Саутгемптон шаарынан Нью-Йоркко карай бет алат. Титаник кемесине окшош болгондуктан ага кайрадан “Титаник 2”деп аташкан. Бирок, анын узундугу мурунку кемеге салыштырмалуу 13 метрге  узунураак  жана коопсуздугу жогорку деңгээлде курулууда.

Жалпысынан 500 миллион АКШ доллар каражат жумшалган кеме 2400 жолоочу, 900 экипаж мүчөлөрүнө ылайыкташтырылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.