ТИМ: Казакстанда Кыргызстандын беш жараны кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 9-январына карата Казакстандын компетенттүү органдары тарабынан Кыргызстандын беш жараны кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Казакстандагы окуяларга байланыштуу ТИМ Кыргызстандын Нур-Султандагы элчилиги жана Алматыдагы Башкы консулдугу менен бирге күнү-түнү Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 5-9-январь аралыгында ыкчам байланыш номерлерине 1000 жарандан кайрылуу келип түшкөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.