ТИМ: АКШда карантинге алынган кемеде эки кыргызстандык бар

АКШнын Калифорния штатында “Grand Princess” саякат кемеси коронавируска байланыштуу карантинге алынды. Ал кемеде Кыргызстандын эки жараны бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кеме андан түшүп калган эки жүргүнчүдө коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу карантинге алынган.

АКШнын мамлекеттик департаментинен Кыргызстандын элчилигине 6-мартта расмий нота келген. Анда кемеде эки кыргыз жараны бар экендиги айтылтан.

“Элчилик кыргыз жарандары менен байланышка чыгышкан. Алар өздөрүн жакшы сезип жатканын жана тамак үч маал берилип, бардык жүргүнчүлөрдү өз каюталарында кармап жатышкандыгын билдиришкен”, – деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 9-мартта аталган кеме ооруканага жаткырылууга муктаж жүргүнчүлөрдү түшүрүү үчүн Калифорния штатындагы Окленд портуна барат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген