Тилек Батырканов президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды

Тилек Батырканов президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Мамлекет башчысынын буга чейинки кол койгон тескемесине ылайык, Тилек Батырканов президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары кызматынан бошотулган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.