Тез жардамга акы төлөй албаган адам оорубашы керекпи?

Тез жардам кызматына акы төлөө сунушу коомчулуктун нааразычылыгына кабылып, маалымат айдыңында кеңири талкууланып жатат. Аталган демилгени көтөргөн милдеттүү камсыздандыруу фонду мындай нааразычылыктын пайда болушуна Массалык маалымат каражаттарын күнөөлөөдө. Анткени министрликтин жалпы жыйынында бул боюнча жөн гана сунуш киргизилип, бирок өкмөт тарабынан иштелип чыга элек.

Кызмат көрсөтүүнү акы төлөөгө өткөрүүгө азырынча зарылдык жок, бул үчүн мамлекеттен каражат бөлүнөт. Аталган демилге элди гана эмес, бир катар депутаттардын да нааразычылыгын ойготкон. ЖКнын депутаты Искендер Матраимовдун айтымында, жрандардын баары эле кызмат акы бере албайт.

“Карапайым калк ооруп, дары-дармекке акчасы жок болуп атса, анан кайдан тез жардамга акы төлөйт? Мен ушуга эч түшүнбөдүм. Бул деген акчасы жок адам оорубашы керек дегендей эле болуп атат”,- дейт Матраимов.

Өлкөдө тез жардам кызматын пайдалануу акысыз. Бирок чакыруулар убагында келбегендиктен, нааразычылыктар болуп келет. Мындан улам айрым адистер бул тармакты менчикке өткөрүп, ишин жакшыртууну каалашат. Бирок көпчүлүк жарандардын материалдык абалы начар болгондуктан, акылуу кызматты пайдалануудан кол жуушу мүмкүн.

ЖК депутаты Талант Мамытов элдин саламаттыгын кароо- мамлекеттин милдети экендигин айтат.

“Бул сунуш туура эмес. Конституция боюнча элге медициналык жардам эч кандай акысыз көрсөтүлүшү керек. Бул мыйзамдын талабы”,- деди депутат.

Учурда өлкө боюнча 300дөн ашык тез жардам унаасы болсо, анын жарымы жарактан чыккан.  Ошондуктан, калкка маалында сапаттуу жардам көрсөтүү үчүн унаалар тартыш. Эл өкүлдөрү бул маселени чечүү жолун министрлик колго алып, элдин саламаттыгын чыңдоого басым жасашы керектигин айтышат.

Текст: Таңкыз Эргешбаева

Гүлзара Бакаева.

Оператор-монтажёр: Рустам Алымбаев.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген