Тез жардам унаасы менен жеңил унаа кагышты. Фото

Бүгүн саат 17:50 лөр чамасында Ош шаарынын борбордук көчөсүндө тез жардам унаасы кырсыкка учурады.  Бул тууралуу окуянын күбөсү “Ынтымактын” элдик кабарчылары билдирди.

Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес.  Учурда жеринде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери  иштеп жатышат. Жол эрежесин кайсы айдоочу бузганы аныктала элек.

Кошумча маалымат берилет.

 

 

 

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген