Темир тор артына түшкөн журналисттер көбөйдү

2017-жылы абакка түшкөн журналисттердин саны көбөйдү. Тор артына көп кабылган маалымат кызматкерлеринин саны боюнча эң алдыда Түркия, Кытай жана Египет турат. Нью- Йорктогу Журналисттерди коргоо комитетинин жаңы баяндамасында өтүп бара жаткан жылы дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүндө 262 журналист кесибинин айынан тор артына түшкөнү маалым болгон. Журналисттерди түрмөгө эң көп кескени жагынан алдына ат салдырбаган үч өлкөдө эле 134 адам темир тор артында жатат.

2017-жылы эле жылы бир нече журналистти абактан бошотконуна карабастан, Түркия дагы эле бул тизмесинин башында турат. Ушул тапта бул өлкөдө 73 кабарчынын эркиндиги чектелген. Ошол эле маалда ондогон адамдар сотту күтүп жатса, ага кошумча жаңы кишилер кармалып жатат.

Түркияда бийликке оппозиция болгон журналисттер камалып эле тим болбостон, гезит-журналдар, телеканалдар жана маалымат агенттиктери жабылган.

31-мартта Стамбул соту мамлекеттик төңкөрүш боюнча айыпталып кармалган 19 журналистти бошотуу жөнүндө чечим чыгарган. Бирок прокурорлор дароо арызданып, журналисттер түрмөдөн тышка чыкпай эле, кайра айыпка жыгылган. Аларды абактан биринчи бошоткон соттор кызматтан алынган.

Египетте болсо журналисттерди узак мөөнөткө абакка камоо президент Абдул-Фаттах ас-Сисинин экстремизм жана жумушсуздук менен күрөш саясатынын фонунда күч алууда.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген