“Темир аялга” айланган курулушчу айымдар. Видео

“Демге-дем” медиа борбору Кыргызстандагы элеттик ишкер айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында атайын репортаждарды даярдады. Долбоордун негизги максаты жашы 40тан илгерилеп  калган ишкер айымдардын кызматын, өз колу менен жасаган буюмдарын же товарларын интернет аркылуу таанылтуу жана жаңы кардарларды табууга көмөктөшүү. Кыргызстандын аймактарында экономикалык оор абалга, чектөөлөргө карабай, элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга умтулуп, түрдүү кыйынчылыктарды жеңип, өлкөбүздүн тагдырына кайдыгер эмес,  өнүгүүсүнө салым кошкон айымдардын ийгиликке жетүү жолун баяндайт.

Долбоордун катышуучуларынын бири Касиет Эшмуратова

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Каба айылынын окуучулары азыр жыргап калган мезгили. Анткени бардык шарты бар мектепте билим алып жатышат. 5 жыл мурун №33 Жусуп Турусбеков атындагы орто мектептин имараты жараксыз абалда болгон. 1952-жылы курулган имараттын эскилиги жеткен эле. Ошол мектепти 2015 жылы кайрадан туптарынан бери оңдолуп-түзөлүп, ордуна жаңы имарат туругузулуп пайдаланууга берилди. Жаңы мектеп 422 орундуу болуп курулуп, бардык шарттары каралган. Бул жерде жалпысынан 20 мугалим эмгектенет. Азыркы күндө 345 окуучу билим алат.

Мектептин курулушу Касиет Эшмуратова жетектеген «Айстрой» курулуш компаниясы тарабынан бүтүрүлдү. Курулуш компаниянын жетекчиси ар бир ишке кылдаттык менен мамиле жасап, тапшырылган социалдык объектилердин сапаттуу курулушуна маани берип, аягына чейин  өзүнүн жеке көзөмөлүндө бүтүрөт.

Касиет Эшмуратова  “Ай- Строй” ЖЧКсынын башкы директору: Бул менин максатым болчу. Мамлекетке долбоорлорду жазып, ошолорду курсам, ошондон эл пайдаланса дечүмүн. Ошол жерде мыкты адистер, мыкты мектеп болсо, мыкты мугалимдер болсо, алар эмгек кылса элдер ушул жерден пайдаланса деген ниетим бар болчу. Кудайым насип кылып, ниетим ишке ашты.

Мектепке 3 айылдын балдары келип билим алышат. Каналар 45 окуучуга ылайыкташтырылып, ашкана, спорт зал, жылуулук системасы  каралган.   Ал эми бюджетке киргизилбей калган нерселерди Касиет айым өз капчыгынан  кошумча куруп берген.

Абдумалик Мырзакулов – Жусуп Турусбеков атындагы орто мектебинин директору: -Эшмуратова Касиет эже ушул мектептин курулушуна өзүнүн чоң салымын кошкон аялдардын бири. Ал аял ушул мектептин курулушун тендерге катышып утуп алып, башынан аягына чейин туруп, жалпы эле мектеп эмес элге деле кызмат кылып берди. Мисал үчүн айылга эмне керек болсо, ошолорду жасап берди.  Ушул мектеп эски проектинин негизинде болгондуктан, эски парта-стулдарды сактай турган, складдар жок эле, көмүр сактай турган жай жок эле ошолорду өзүнүн эсебинен куруп берди. Таза суу бизде абдан маселе эле, азыркы күнү сайдан  суу ичүү, андан суу ташып келүү мүмкүн болбой калды да. Ал атайын кудук куруп берди.  

Абсатар Нурсеитов – Кааба айылынын тургуну:  – Мектептин проектине ылайык, бул жерде  90 тонналык кудук бар. Бирок анда суу жок эле, эми мына жакшы болуп калды. Аябай элибиз дагы сүйүнушөт. Биздин элибиз дагы кубаныта, спорт залдар дагы мынакей баары сонун бүттү.Сапаттуу болду деп турабыз буйруса.

Касиет Эшмуратова кесиби боюнча эсепчи-экономист. Курулуш жаатында өз ишканасын 2014- жылы түптөп, 7 социалдык объектини курууга жетишти.  Ишкер айым Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ынтымак айылынын тургуну. Талды-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин эки жолку депутаты. Эки баланы эрезеге жеткирип, небере тарбиялап жаткан учуру. Касиет Эшмуратованын демилгеси жана аракеттери менен Сузак районунда да бир нече социалдык мекемелер курулуп келет. Эң алгачкысы болуп айылга 7 бөлмөлүү, керектүү шарттары бар фельдишер-акуршердик пунт курулган.

Роза Батырова – мээрбан айым: Ынтымак  айылыбызга курулуган ФАП өтө кенен. Айыл чоң, көчөлөр  көп. Калктын саны 4 574 киши. Андыктан алар үчүн 4 мээрбан айым, бир санитарка болуп бешөөбүз эмгектенип келебиз.

Курулуштун жалпы сметалык баасы 1 млн. 300 миң сом болсо, анын 25 пайызын айыл тургундары көтөргөн. 2013-жылы курулуш бүтүп элге берилип, учурда жашоочуларга медициналык жардамдар ушул жерден көрсөтүлүп келет.  Учурда курулуш компания  спорт жана балдар аянчаларын куруу менен алек. Балдар үчүн ойноо аянттары кайрымдуулук иретинде, аймактагы балдар реаблитациалык борборуна  жасалып  берилүүдө.

Казымжан Хамраев – “Ай-Строй” ЖЧКсынын кызматкери: Бизден болгону аянтчанын даяр келген каражаттарын орнотуп берүү кызаты бар. Биздин өнөктөштөр бардык керектүү каражаттарды Турциядан салышат. Азыр ал жака буюртма кетирилген. Жакынкы күндөрү курулуш жабдыктары келсе, биз да өз кызматыбызды бүтүрөбүз.

Курулуш тармагында иш алып барган  Касиет Эшмуратованын жакын жардамчысы анын уулу. Ал экөө ар бир ишти карап, сапатына көңүл буруп, сметалык баага каражаттын дал келүүсүн көзөмөлгө алып турушат. Касиет ишкердик жаатында ар бир нерсеге көңүл буруп, кайсы тармакта болбосун чын дилден аракет кылсаң, жетишкендиктерди багынтасын деген ишеничте.

Касиет Эшмуратова  “Ай-СТРОЙ” ЖЧКсынын башкы директору: Негизи биздин ишибиз эркектердин жумушу курулуш иши ошондой. Эркектер менен сүйлөшүп, тендерлерге катышып, алар менен тең тайлашып талашып алыш керек. Мунун баарына эрк менен чыдамкайлыгың менен барасың. Мен да өзүмү ошого тарбияладым. Мага туура келди. Мен да элге салымымы кошсом дейм. Чоң, пайдалуу болгон имараттарды курсам дейм. Куруп бүткөндө мамлекет каржыласа да, өзүнчө абдан ырахат алам. Ушуну ушундай сапаттуу жакшы кылып тапшырса, эл ыраазы болсо, мамлекет колдосо деген тилек менен ийгиликтерге жетип келе жатам.

Касиет айым курулуш жаатында жалаң мырзалар менен иштеп жатканына карабый анын жүрөгү эне. Ар дайым балдардын келечеги, алардын ден соолугу жана билими үчүн күйгөн инсандардын бири. Андыктан жасап жаткан ар бир ишин өлкөнүн келечегине, бүгүнкү балдарга арнап келет.

«Бул макала «Элеттик аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында журналисттер менен аялдардын биригүүсү» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын каржылык колдоосу менен даярдалган. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундуулар жана пикирлер, авторлордун оюн гана билдирет. АКШ мамлекеттик департаментинин көз карашына дал келбеши мүмкүн»

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген