Сыналгы көргөнгө тоскоол болгон аялын балталап өлтүргөн кылмышкер өкүнбөстүгүн айтты

Сыналгы көрүүгө тоскоол болгон аялын мыкаачылык менен өлтүргөн Сокулук районунун жашоочусун Жогорку сот 14 жылгы эркинен ажыратты.

2019-жылдын 30-сентябрында Сокулук районунун Биринчи май айылынан аталган райондук милицияга адам өлтүрүү фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн. Айтылган дарекке барган тергөө кызматкерлери үйдөн 43 жаштагы аялдын жансыз денесин табышкан.

Аталган факт менен 130-берененин негизинде “Адам өлтүрүү” боюнча иш козголуп, кылмышка шектүү катары 51 жаштагы маркумдун жолдошу кармалган.

Тергөөдө маалым болгондой, кырсык болгон күнү эртең менен кылмышкер уктап жаткан аялынын башына балта менен уруп өлтүргөн. Андан соң 8 жаштагы уулун кошунасыныкына алып барып, аялын өлтүргөндүгүн айтып, уулун карап туруусун суранган. А өзү белгисиз тарапка кеткен.

Аталган кылмыш боюнча соттук отурумда шектүү балтаны аялын өлтүргөн күндөн эки ай мурда эле 400 сомго сатып алганы маалым болгон.

Суракта маркумдун жолдошу күнөөсүн толук моюнга алып, кылган иши үчүн өкүнбөстүгүн айткан.

“Ал күнү болбосо башка күнү баары бир аялымы өлтүрмөкмүн. Анткени ал мен сыналгы көрүп жатсам өчүрүп кое берчү. Өзү ушуну көрмөк, акыркы күндөрү мага көп тоскоол болуп калды эле”,- деген шектүү.

Соттолуучу кылмыш кылаар күнү аялы менен баласынын укташын күтүп, сатып алган балтасын сарайга бекитип койгондугун айткан.

“Келинчегим уйкуга кеткенде бир нече ирет балталадым. Анан баламы кошуналарга жеткириш үчүн таңдын атышын күттүм”,- деди кылмышка шектүү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген