Телефонуңузду уурдап кетсе эмне кылат элеңиз? Видео

Тамашага салууну пранк деп аташып, тамашага салгандарды пранкер деп коюшат. Муну менен олуттуу түрдө алек болгондор бар. Маселен, пранкерлер өзүн ар кандай кылып атап алышкан: хард – бул телефон менен тамашага салып, адамды сөгүнгөнгө чейин жеткирүү, ал эми  радиопранк радио станциялардын телефон номерлерине чалып, алып баруучуларды тамашага салуу деген сыңдуу.

Биз дагы ушул таризде тургундарды тамашага салдык. Телефондорун сүйлөшүп алуу үчүн сураган соң, качып жөнөдүк. Артынан кууп сумкасы менен башка чапкандар да болду. Тамашанын торуна түшкөн тургундардын эмоцияларын, артынан кууп жүгүргөндөрүн төмөнкү видеодон көрсөңүздөр болот.

Эгерде сиздин телефонуңузду  уурдап баратса эмне кылат элеңиз?

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген