Тээке айылындагы окуучулар жаңы мектепке киришти

Кара- Суунун Тээке айылындагы  №45- Мамажан Мырзаев орто мектебинин окуучулары жаңы имараттуу болушту. 2015-жылы мамлекет казынасынан мектеп үчүн 30 млн сом бөлүнүп берилген эле. Эки жылдын ичинде заманбап имарат тургузулуп, пайдаланууга берилди. Мектептин ачылыш аземине Ош шаарынын вице- премьер- министри Дайыр Кенекеев баш болгон бийлик өкүлдөрү келип катышышты.

Билим берүү мекемеси эки кабаттан туруп, 275 орунга ылайыкташтырылган. Эми 300 окуучуга эки нөөмөт менен билим бериле баштайт. Дээрлик бардык предметтер боюнча өз-өзүнчө кааналар негизделип, колдонмо куралдары орнотулган.

Заманбап шартта, ашкана жана спорт залы менен курулган мектепке кирген окуучулардын кубанычында чек жок. Анткени буга чейин спорт залдын жоктугунан дене тарбия сабагы жаан-чачынга карабай сыртта өтүп, ал эми тамак-ашты окуу кааналарынан ичүүгө туура келген.

Мамажан Мырзаев атындагы орто мектептин окуучулары буга чейин 1993-жылы курулган, эскилиги жеткен мектепте билим алып келишкен эле. Жамгыр жааган учурда мектептин тамынан суу өтүп турчу.

Ош шаарында дагы 6 мектептин курулуш иштери жүрүүдө. Анын бирөөсү жыл аяктаганга чейин пайдаланылууга тапшырылат. Калган бешөөн кийинки жылы бүтүү алдында турат.

Ал эми өлкөнүн калган облус, шаарларында дагы 2018-жылдан билим берүү мекемелерин салуу жанданат. Анткени мамлекеттик казынадан кийинки жылы социалдык обьектилерди куруу үчүн 2,9 миллиард сом каралды.

 

Текст: Таңкыз Эргешбаева

Нуржамал Баргыбаева

Оператор- монтажер: Нурсултан Абыдкерим  уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген