Тажикстандын түндүгүндө эмдөө сертификаты жокторго тойлорго катышууга тыюу салынды

Тажикстандын Согд облусунда үлпөт жана башка тойлорго коронавирус инфекциясына каршы эмдөө жөнүндө сертификаты жок кишилер киргизилбейт. Бул тууралуу чечимди облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын санитардык-эпидемиологиялык станциясы кабыл алды.

Тойкана жана башка жайларда коноктордун вакцина тууралуу сертификатын станциянын кызматкерлери укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен чогуу текшеришет.

Согд облусу боюнча санитардык-эпидемиологиялык станциянын башчысы Мажнун Орипов тойканаларга сертификаты бар гана кишилерди киргизүү боюнча эскертүү берилгенин айтты. Анын билдиришинче, облуста COVID-19 вирусун жуктурган учурлар катталса, көп кишилер чогулган жайларды жабуу сыяктуу катаал чаралар кабыл алынат.

Тажикстан Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 30-ноябрга карата 3 млн. 206 миң (51,8%) киши эмдөөдөн өттү. Вакцинанын эки дозасын 2 млн. 590 миң. 545 (44,5%) киши алды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.