Тажикстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалган Баткендин тургуну кетпөө тил каты менен бошотулду

Орусиянын аймагында Тажикстандын өтүнүчү менен кармалган Кыргызстандын Баткен облусунун тургуну Эсен Мажитов эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Орусиянын Нижний Новгород шаарынын эл аралык аэропортунан Кыргыз жараны Эсен Абдурахимович Мажитов Тажикстандын компетенттүү органдары жарыялаган мамлекеттер аралык издөөнүн негизинде кармалгандыгы белгиленди.

Орусиянын компетенттүү органдарынын Мажитовго карата 2021-жылдын 6-июлундагы чечими менен камакка алуу түрүндө мурда тандалып алынган алдын-алуу чарасы, шаардан чыкпоо жана туура жүрүм-турум жөнүндө жазуу түрүндөгү милдеттенмеге өзгөртүлдү, буга байланыштуу Мажитов Нижний Новгороддогу тергөө изоляторунан камактан бошотулган.

Ошол эле учурда, Мажитовго карата экстрадициялык текшерүү аягына чыга электиги айтылууда.

Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин жооптуу кызматкерлери жогоруда аталган жарандын жактоочусу менен телефон аркылуу байланышып турушат.

Буга чейин тажик бийлиги Эсен Мажитовду эл аралык издөөгө жарыялаганы белгилүү болгон. Анын уулу Садыр Жапаровго Тажикстан менен чек арада жашоосу жөнүндө видео кайрылуу жазган.

Президент Садыр Жапаров Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен айылынын тургуну Адил менен жолугушту. Бала президентке Орусияда атасынын кармалышы жөнүндө айтып берди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.