Тажикстанда президент жөнүндө сюжет даярдаган журналист аккредитациясынан ажыратылды

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) «Настоящее время» телеканалынын журналисти Анушеровон Ариповдун 1-августта мөөнөтү аяктаган аккредитациясын узартуудан баш тартты. Бул тууралуу 4-июлда «Озоди» радиосунун Душанбедеги бюросунун башчысы Мухаммадвафо Рахматов билдирди.

Анын айтымында, ТИМ «Озоди» радиосунун сайтына чыккан эки материалга карата нааразылыгын билдирүүдө. Аларда өлкө башчысы Эмомали Рахмон президенттик шайлоонун алдында үгүт иштерин жүргүзүп жаткандыгы жөнүндө айтылган.

Тажикстанда президенттик шайлоо быйыл күзүндө өтүшү керек. Азырынча анын датасы расмий жарыялана элек. Буга карабастан акыркы жумаларда Рахмондун аймактарга сапары көбөйүп, алар тууралуу мамлекеттик басылмаларда жана соцтармактарда материалдар жарыяланууда. Талдоочулар бул көрүнүштү «президент келаткан шайлоого даярдана баштады» деп баалап жатышат.

Тажик бийлигинин нааразылыгын жараткан материалдардын бирин журналист Анушеровон Арипов даярдаган.   барганы, дасторкон алдында президенттен башка бардыгы беткап тагынып отурганы жана анда негизинен президент сүйлөп, үй ээсине кышка камылга көрүү кеңешин бергени жөнүндө айтылган.

2016-жылы «Озоди» радиосу президенттин кызы Рухшона Рахманованын ТИМге кызматка дайындалгандыгы тууралуу макала даярдагандан кийин да бир нече журналисти аккредитациясынан ажыратылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.