Тажикстанда Кыргызстандын аскер кызматкерлерине каршы кылмыш иши козголду

Тажикстандын Башкы прокуратурасы 29-апрелде Согди облусунун Исфара шаарынын Чоркух жамаатына кол салуу боюнча айыпталып жаткан Кыргызстандын аскер кызматкерлерине каршы кылмыш иши козголгонун жарыялады. Бул тууралуу Mk.ru жазып чыкты.

Иш “агрессивдүү согушту баштоо же жүргүзүү” жана “адам өлтүрүү” беренелери боюнча тергелип жаткандыгы маалымдалды.

Адамдарды өлтүрүү, тажик прокуратурасынын маалыматы боюнча, “расмий иш-аракеттерди”, “уюшкан топту”, “өзүмчүлдүк максаттарды көздөп”, “бандиттикке” байланыштуу болгон учурда жасалган. Ошондой эле, тажик тарап кыргыз аскерлери “улуттук жек көрүүнүн негизинде” иш-аракет кылышкан деп билдирген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.