Тажикстанда имамдар музейге барууга милдеттендирилди

Тажикстан мечиттеринин имам-хатибдери мындан ары музейге барып турууга милдеттендирилди. Бул тууралуу өкмөттүн алдындагы Дин иштери комитетинин басма сөз катчысы Афшин Муким билдирди.

Күн мурун Гиссар өрөөнүнүн 116 диний кызматкери Душанбедеги Улуттук музейге барган. Буга чейин Душанбе, Вахдат шаарлары жана Варзоб районунун имамдары үчүн экскурсия жасалган. Быйыл төрт миңдей имам-хатиб музейлерге, тарыхый жайларга барууга тийиш.

«Дин кызматкерлери өз жеринин тарыхын, ата-бабалардын мурасын билүүгө тийиш. Биздин ата-бабаларыбыз ар түрдүү согуштарды жана катаклизмдерди баштан кечирип, ааламды таануу аркылуу маданиятын жана тилин сактап калган. Өз элинин тарыхын билүү – бөтөн элдин салты менен диний ишенимдерин түшүнүүгө жардам берет», – деди Афшин Муким.

​Буга чейин тажикстандык имамдар театрга барууга милдеттендирилген.

2014-жылдан тарта Тажикстан мечиттеринин имам-хатибдери бюджеттен айлык акы ала башташкан. Маселен, Тажикстан Ислам борборунун Уламалар кеңешинин төрагасы 2 миң сомони (220 доллар), имамдар 1,5 сомони (170 доллар), жума мечиттеринин имамдары 800 сомони (90 доллар) маяна алат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген