Тажикстан мурда кармалган Кыргыз жаранын бошотту

Бүгүн, 27 -сентябрда Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун жетекчилери менен тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын жараны Уразбек Мирзоев кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаран У.Мирзоев Кыргыз Республикасына «Кулунду-автодорожный» өткөрүү пункту аркылуу келген. Ишти Кыргызстандын компетенттүү органдары жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн Тажикстандын атайын кызматы аялы менен кошуна мамлекетке бара жаткан Баткен облусунун тургунун кармады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.