Тажикстан менен Өзбекстан жаңы темир жол курушат

Тажикстан менен Өзбекстан жаңы темир жол курууну пландаштырууда. Дүйшөмбүдө Тажикстан менен Өзбекстандын транспорт министрликтеринин өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр аяктады. Бул тууралуу РЖД.Партнер.ру жазды.

Анда маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулашты.

Тактап айтканда, Пенджикент (Тажикстан) – Булунгур / Жамбай (Өзбекстан) участкасында жаңы темир жолдун курулушу жөнүндө маселе көтөрүлдү.

Ошондой эле, сүйлөшүүдө Бекабаддан Истиклолго чейинки бөлүктү электрлештирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Бул темир жол тилкесинде транзиттик жүк ташууну көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү дагы каралды.

Жолугушууда ведомстволордун өкүлдөрү эл аралык автоунаа транспорту тармагындагы эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, Өзбекстан – Тажикстан – Кытай транспорттук коридорун өнүктүрүү жана Хаштяк – Бекабад чек ара өтмөгүн калыбына келтирүү маселелери көтөрүлдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.