Тажикстан менен чектеш “Шерхан Бандар” бажы бекетин талибдер басып алышты

Тажикстан менен Афганистандын ортосундагы “Шерхан-Бандар” бажы жана соода өткөөлү талибанга өттү. Бул тууралуу ia. centr.ru жазып чыкты.

Интернет басылманын маалыматы боюнча, бир күн мурун талибандар “Шерхан Бандар” өткөрмө бекетин басып алган, натыйжада Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнүн бир бөлүгү аларга баш ийип, калгандары Тажикстанда баш калкалаган.

Тажик тарап бул маселе боюнча расмий комментарий бере элек.

“Шерхан-Бандар” Тажикстан менен Афганистандын ортосундагы маанилүү соода-транспорттук пункт болуп саналат, ал аркылуу Тажикстандын түштүк жана түштүк-чыгыш азиядан, анын ичинде Пакистан менен Ирандан бажы импорту өтөт.

Бул чек ара пункту Тажикстандын Хатлон облусунун Панж району менен Афганистандын Кундуз провинциясынын Имам Сахиб районунун чек арасында жайгашкан. Кечээ эле Имам Сахиб провинциясын дагы талиптер басып алышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.