Тажикстан чек ара аскерлерин макулдашылган аймакка жайгаштырылганын жарыялады

Тажикстан чек ара аскерлерин Кыргызстан менен макулдашылган чек ара тилкесине жайгаштырганын жарыялады. Бул тууралуу Khovar.tj тажик басылмасы жазып чыкты.

Кыргызстан УКМКсынын чек ара кызматынын талаштуу аймакка контейнер орнотуу боюнча билдирүүсүнө төмөнкүдөй комментарий берди.

«Протоколго ылайык, чек араны кайтаруу макулдашылган аймакта жүргүзүлдү. Экинчи жагынан, Карамык ашуусу тилкесинде тиешелүү инфраструктурага ээ болгон Кыргызстандын чек ара заставасы түзүлгөн. Бул жайылтуу делимитация, демаркация жана аны мыйзамдуу каттоо процесси аяктаганга чейин эки коңшу мамлекеттин мамлекеттик чек арасын коргоодо паритет принцибин камсыз кылат ”, – деп айтылат жарыялаган билдирүүдө.

Эске салсак, тажик тарап бүгүн саат 03: 00дө Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы чек ара тилкесине, Кыргызстандын аймагынын тереңдигине 1 миң метрге чейин кирип, контейнерди орнотуп баштаган. Саат 6.00гө карата тажиктер орнотулган контейнерден 600 метр алыстап кетишкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.