Тажик журналисти роза гүлүн таратуу менен үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы күрөшүүдө

«Гендердик зомбулукка каршы 16 күн» деп аталган эл аралык акциянын алкагында Душанбеде жергиликтүү журналист Сурайё Шуджоа көчөдөгү эркектерге 101 роза гүлүн таратты.

Анын айтымында, гүлдөр үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы күрөшүүдөгү эң мыкты курал болуп эсептелет.

«Бүгүн жок дегенде 101 эркек үйүнө роза гүлүн көтөрүп барып, жубайына жылуу сөздөрдү айтышын каалайм», – деди журналист.

Ал көчөдөгү бардык эле эркектер розаларды алууга макул болбогонун айтып, өлкөдө аялга гүл берүү адатка айлана электигин белгиледи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген