Тажик жарандары кыргыз айылынын башчысын барымтага алышты

Баткен облусунун Лейлек районундагы Интернационал айылынын башчысын Тажикстандын жарандары барымтага алышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын күч түзүмдөрүнө таандык аскердик техникалар Лейлек районунун Жагы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылында жайгашкан.

Тажикистандын коопсуздук күчтөрү Интернационал айылындагы кыргыз тарапка таандык “Турак үй” участкасындагы турак үйлөрдү басып киришти.

 “Ушул аймакка жакын жерде каза болгон эки адам тууралуу маалыматты билүү үчүн Интернационал айылынын башчысы ошол жерге барган, ошол учурда Тажикстандын жарандары аны барымтага алышкан”, – деп айтылат маалыматта.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.