Татарстанда I КМШ өлкөлөрүнүн спорттук оюндары өтөт

Орусиянын Казань шаарында 4-сентябрдан 11-сентябрга чейин I КМШ өлкөлөрүнүн спорттук оюндары өтөт. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Ага ылайык, аталган спорттук оюндарга КМШ өлкөлөрүнөн 1500 спортчу катышат.

Оюндар бадминтон, баскетбол, бокс, бел боо күрөшү, дзюдо, каратэ, стол тенниси, тай бокс, ок атуу, спорттук күрөш, самбо, бий спорту, футзал жана көркөм гимнастика түрлөрү боюнча өткөрүлүп, анда 184 комплект медаль ойнотулат.

Спорттук оюндарга Кыргыз өлкөсүнөн спорттун 13 түрүнөн жалпы 150дөн ашык спортчу катышат.

Оюндар көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин курамына кирген өлкөлөр арасындагы достукту бекемдөө максатында жана спорт чөйрөсүндөгү кызматташтык боюнча макулдашуунун негизинде өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, алгачкы жолу КМШ өлкөлөрүнүн спорттук оюндарын өткөрүү сунушу 2018-жылы кабыл алынып, спорттук иш-чара 2020-жылга белгиленген. Бирок пандемиядан улам белгиленген мөөнөттө ишке ашпай калып, 2021-жылдын сентябрь айына жылдырылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.