Ташкентте “Делбирим” спектакли коюлуп жатат

Ташкентте Мукими атындагы Өзбекстандын мамлекеттик музыкалык театрында кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” (Делбирим) повестинин негизинде даярдалган спектакль тартууланып жатат. Бул тууралуу  аталган театрдын кызматкерлери кабарлашты.

Өзбекстандын Маданият министрлигинин демилгеси сахналаштырылган спектаклдин музыкасын Манас Левиев, ырларын Хамид Гулом жазышты. Режиссерлору Рамзидин Кодиров жана Мирза Азизов.

Быйыл Өзбекстандын “Узбеккино” улуттук агенттиги Кыргызстандын “Дан” продюсердик борбору менен Чыңгыз Айтматовдун аталган чыгармасынын негизинде көркөм фильм тарта баштаган.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев быйыл кыргыздын залкар жазуучусу, дүйнө тааныган Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын өз өлкөсүндө кеңири белгилөө тууралуу буйрук чыгарган.

Ташкент шаардык кеңеши июлдун башында баш калаадагы көчөлөрдүн бирине Айтматовдун ысымын ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген