Ташкентте башкы имам Хайруллох Турматов каза болду

Ташкент облусунун башкы имамы Хайруллох Турматов каза тапты. Бул тууралуу Өзбекстандын мусулмандар башкармалыгына шилтеме берип CentralAsia жазды.

44 жаштагы имамдын эмнеден көз жумгандыгы айтылган эмес. Соцтармактарда имамдын эки жумадан бери оор абалда жаткандыгы айтылууда.

Хайруллох Турматов Ташкент ислам институтун аяктаган. Өз убагында ал “Четсув”, “Корабог” жана “Зангиота мечиттеринин имамы болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген