Ташкент – Бухара – Самарканд. Кыргызстандык саякатчынын жол дептери

Белгилүү кыргызстандык блогер жана Vizitka-Osh журналынын башкы редактору Азиза Мурзашова кыялындагы өлкө – Өзбекстанга барып келди. Ал саякаты кандай өткөнү жана бул мамлекетке сапарга чыгуучулар эмнеге көңүл бурушу керектиги тууралуу өз сайтынажазды. Азизанын уруксаты менен биз анын баянын автордун сүрөттөрү менен кошо жарыяладык (дагы көп сүрөттөр— Азизанын Instagram`ында).

Чек арадагы кезек күтүү

Жекшембиде таңкы саат беште биз Кыргызстан-Өзбекстандын “Достук” чек ара бекетинде болдук. Чек ара – өзүнчө чоң тема. Өзбекстандыктар Кыргызстандан тиричилик буюмдарын сатып алып, олчойгон жүктөрү менен турушат. Өзүнөн үч эсе чоң муздаткычы көтөрүп бара жаткан аялды көргөнүңүздөчү!

Өзбекстанда жергиликтүү өндүрүштөгү товарларга монаполия күч: тиричилик буюмдары, унаалар. Алардын Өзбекстандагы баасы Кыргызстандан бир нече эсе кымбат, а башка өлкөлөрдөн кирген товарларга акылга сыйгыс бажы төлөмү алынат. Мындан улам өзбекстандыктар үчүн буюм-тайымды КРдан сатып алуу ыңгайлуу. Кыргызстанга артка кайтканда деле кезек күтүү – өзбекстандыктар жашылча, көк-чөп сыяктуу жүктөрү менен турушат, алар товарды Кыргызстандын базарларына сатышат. Чек арада адамдардын ушундай айланма агымы үзүлбөйт.

Адамдардын ушунчалык көп агымынан улам кеминде 5-6 сааттан бери кезек күтүп, нааразы болуп, ачууланып калгандардын катарында туруу керек. Кезек күтүү жүгү бар жана жүгү жоктор деп экиге бөлүнөт. Жүксүз кезек аялдарга жана эркектерге бөлүнөт – чыгыш менталитети ушундай: бейтааныш эркектер менен аялдар бири-бирине өтө жакын турбашы шарт. Мээрим (Азизанын сапарлашы) экөөбүз ыңгайсыз учурга туш болдук. Аял-эркек болуп бөлүнүү бар экенин билбей, адам азыраак жакка туруп алыппыз. Жыйынтыгында бизди шылдыңдашып, аялдар жакка кезекке коюшту.

Бирок ушундай башаламандыктын жакшы жагы да бар: адамдар аябай ак көңүл, боорукер – алар улгайгандарды, балдарды, кош бойлууларды жана оорулууларды кезексиз өткөрүшөт.

Жол эрежелерин сактаган таксисттер

Чек араны өтөрүбүз менен эле Өзбекстандын ар кайсы шаарына жеткирүүнү сунуштагын таксисттер бизди курчады. Биз Ташкентке 100 000 сумга ($12) кеттик. Кайра кайтканыбызда арзаныраак — 85 000 сум ($10,5) болду. Чек арадан Ташкентке чейин жолго 5-6 саат кетти.

Айдоочулар ылдамдыкты ашыра айдашпайт, рулда бара жатып телефондо сүйлөшүшпөйт, анткени бардык жакта камера, радарлар коюлган, а эреже бузуу үчүн айып пул аябай чоң. Ушул жерде Ошто катуу ылдамдыкта баратып YouTube`дан ComedyClub`көргөн маршрут айдоочусу менен уруша кеткенимди эстедим. Эгер ал Өзбекстанда болгондо, менимче, камап же олчойгон айыпты салып, айдоочулук укугунан ажыратышмак.

Ташкенттеги сонун хостел жана дүйшөмбүдөгү сандей

Ташкентке күүгүмдө жеттик. booking.com сайтынан таап, брондоп койгон Topchan хостелине түз бардык . Хостел сонун экен: дизайн, коноктор (негизинен чет элдиктер), кызматкерлер. Бир түнгө 10 долларга биз эки кабатуу керебеттер жайгашкан жалпы аялдар залына жайгаштык. Жуунучу жайы, ажатканасы да орток. Эртең мененки тамак акысыз. Хостелдин дагы бир артыкчылыгы – 20 мүнөт бассаң, метро станциясына жетесиң.


Баса, метро – Ташкентти айлануунун эң ыңгайлуу жана үнөмдүү жолу: шаардын дээрлик бардык маанилүү жерлерине метродо 1200 сумга (16 цент) жете аласың. 


Экинчи күнү Таштентти кыдырганы жөнөдүк. Улуттук тамактарды жасап, жеринде сунуштаган атактуу Чорсу базарына баргыбыз келген, тилекке каршы, базар дүйшөмбү сайын санитардык күнгө жабылат (эмки жолу ал жакка барам деген үмүттөмүн). Адыктан биз белгиүү Аш Борборуна жөнөдүк, мында Ташкенттеги эң мыкты ашпоздордун бир нечеси аш басат. Биз бир порция алып, үч кишиге бөлдүк. Бир порциясы 13 000 сум (112 сом / $1,6), жумуртка, ачучук алсаңыз, кошумча төлөйсүз.

Тамактанып алып, Борбор Азиядагы эң бийик телемунарага сапар алдык. Чет элдиктер үчүн кирүү 40 000 сум ($5), бирок биз соодалашып жатып жергиликтүүлөрдөй эле 25 000 сумга ($2) кирдик.

Панорама биз күткөндөй болбоду. Болжол менен 10-15-кабатка көтөрүлөсүз да, шаарды көрөсүз. Көрүү аянты – полдон шыпка чейинки терезе эмес эле, кадимки батирдегидей айнектер экен. Телемунарага барганыбыздын жаккан бир гана жери – кооз жээкти, эс алуу багын жана укмуштуудай асман көк түстөгү имаратты (купол) көргөнүбүз болду. Ал 2002-жылы Ислам Каримов негиздеген Репрессия курмандыктарынын элесине арналган музей экен. Тилекке каршы, ал күнү музей жабык эле. Бирок айланасы аябай сонун: кең канал, кооз көпүрө, жашыл бак, отургучтар жана керемет монумент.

Сүрөткө болушунча түшүп алып, борборго жетүү үчүн метрого жөнөдүк. Эгемендик Аянтына жеткенде курсагыбыз да ачып калды. “Бродвей” – кең эс алуу багына бет алдык, ал жакта ресторан, кафе, дүкөндөр, портрет тарткан сүрөтчүлөр бар.

Ал жактан биз ажатканасына да акча алган аябай кымбат ашкананы таптык.


 Ташкент – аябай кызыктуу, таза, кооз шаар. Бара турчу, көрө турчу жерлер көп. Бул үчүн бир күн жетишсиз. Эң маанилүу жайларын көрүүгө, чыгыш атмосферасы менен айкалышкан заманбап мегополисти сезимден өткөрүүгө кеминде эки-үч күн керек.

 


Уятты унутуп, соодалашыңыз

Таңкы саат алтыда биз Afrosiyob ылдам поезди менен Бухарага сапар тарттык.

Туристтик агым күчөгөндө ылдам поездге билет табуу кыйын деп бизди коркутушкан. Андыктан биз хостел кызматкерлери аркылуу 201 250 сумдан ($25) билет алууга макул болгонбуз. Ыңгайлуу шартта 3,5 саатта саякатыбыздын кийинки шаарына жетүүнү көздөдүк (Ташкенттен Бухарага таксиде барсаңыз 8 саат кетет). Бирок бизди алдап коюшуптур, билет болгону 60 000 сум ($8) турат экен.

Анысына да кайыл болуп, акысыз чай, кофе, булочка берген заманбап поезддеги сапардан ырахат алдык. Эгер сиз аябай ачка болсоңуз, акчасын төлөп, вагон-ресторандан тамак буюртсаңыз болот.

 

“Менин кыялым – Бухара”

Бухарага да келдик. Биринчи кезекте вокзалдагы кассадан Бухара-Самарканд багытындагы ылдам поездге билет алдык, ал 42 000 сумга ($5,2) түштү.

Вокзалдан чыкканыбызда бизди Рустам ака алып жөнөдү, ал ар бир жүргүнчүдөн 161 000 сумдан ($20) алып, биз үчүн 10 долларга жакшы хостел таап, күн бою шаарда ташып, экскурсия-сейилден кайтканыбызча күтүп отуруп, анан эртеси таңга маал вокзалга жеткирүүгө даяр эле. Бизге бейтааныш Бухарада мындай жардам баасына арзыйт деп чечтик. Бизди аябай ыңгайлуу жана колориттүү хостелге жайгаштырышты (атын унутуп калганым үчүн кечирим сурайм).

Өзүбүзгө келип, даярданып алып чыкканча биз Бухара ашына кечигип калдык. Өзбекстанда аш саат 11ден 13кө чейин гана болорун эске алыңыз, кийин түгөнүп, таба албайсыз.

 

Аштын ордуна самса жеп, даамдуу нокот шорпосун ичип, акыркы эмирлердин таянычы, Бухара чеби – Аркка жөнөдүк. Кирүү – 17 000 сум (146 сом / $2,1). Ичинде музей, сейил аянт, кызыктуу байыркы архитектуралык эстеликтер бар. Кийин биз жыгачтан керилте жасалган БолоХауз мечитине аттандык. Пои Калан архитектуралык эстелигине да бардык, ал жакта Калан мечити жана мунарасы, Мири Араб медресеси бар. Ичкериде сүрөткө түшүү укугу үчүн 6000 сум (72 цент) төлөдүк.

Саякатыбыз жанаша жайгашкан чыгыш базарында уланды. Чыгыш базарында жүрсөңүз эң башкы мыйзам – уятты унутуп, соодалашыңыз. Мен өзүмө 280 000 сумга (2400 сом / $35) чапан алдым, анын баштапкы баасы 500 000 сум (4300 сом / $62) эле.

Чарчаган бойдон мечитке бардык. Бул жакка жүздөгөн сыйынуучулар келет. Тилегибизди айтып, булактан суу ичтик. Анан хостелге кайттык. Бухарадагы кызыктуу бир күн ушинтип аяктады.

 


Бухара – асман алдындагы музей-шаар. Орто кылымда ислам маданиятынын борбору болгон. Шаардын кереметине суктанууга бир күн аздык кылат, анткени кадам сайын ушундай кызыктуу, кооз, өзгөчө, колориттүү нерселерге туш болосуң.

 


Регистан аянтына кантип акысыз кирдик?

Самаркандга таңкы саат 6:30да келдик. Кечкиге Ташткентке чейин ылдам поездге билет алууга мен гана жетиштим. Мээримге болсо саат үчтөн кийин брондоо бүткөндө билет сатып алса болот деп убадалашты. Бирок жыйынтыгында ал кадимки поездге билет алууга аргасыз болду.

Вокзалда тамактанып алып, буюм сактоо жайына жүгүбүздү таштадык – ар бир баштыктан 25 000 сум ($3) алышат. Анан трамвайга (1200 сум (11 сом / 16 цент).) түшүп алып, шаарга сапар тарттык. Дароо эле Сиаб чыгыш базарына бет алдык. Өзүңө чапан, чыгыш колоритиндеги буюмдарды, жакындарыңа белектерди ушул жерден сатып алуу керек, анткени бир топ арзан, соодалашып жатып, наркты дагы эки эсеге түшүрсө болот. Өзбек оюулары түшүрүлүп, колдо жасалган чоң баштыкты мен 50 000 сумга ($6,2) алдым. Тушкү тамактанууга базардагы эле ашканага кире калып, аябай даамдуу аш жедик. 12 000 сумга (103 сом / $1,5) бизге эки порция аш, салат, жарты нан жана бир чайнек чай беришти. Таттуу тамактан кийин Самарканддын эң негизги жайы – Регистан аянтына бет алдык.


Регистан укмуштуудай үч медресеси менен белгилүү : Улугбектин медресеси (XV кылым), Шердор (XVII кылымдын башы) жана Тилля Кари ( XVII кылымдын ортосу). Алардын ар бири сыртынан да, ичинен да ар башкача, ар бири өзүнчө кооз. Ушул жакта өзүңдү чыгыш жомогунда жүргөндөй сезесиң.


Бирок бир жагдай бар: туристтерден 30 000 сум ($3,7), а жергиликтүүлөрдөн 1000 сум (13 цент)! алышат. Бирок биз Мээрим экөөбүз капыстан эле бир да тыйын бербей аянтка өтүп кете алдык.

Башында аянтка туура эмес тарабынан келип алыппыз. Ал жерде турган полиция кызматкери бизге ар бирибизден 2000 сумдан алып киргизип жиберүүнү сунуштады. Албетте, макул болдук. Бирок анын иш бөлмөсүнө киргенде полиция 20 000 сум деп жатканын түшүндүк. Мен капа болуп, ойлоноуп көрөлү деп бөлмөдөн чыгып бара жатып, эшикти сүзүп алдым. Аябай катуу ооруду, ыйлай баштадым, полиция коркуп кетип, бизге аянтка акысыз кирүүгө уруксат берди.

 


Самаркандды бир көргөндө сүйүп каласың. Ал керемет, таптаза, жашыл, колориттүү жана сыйкырдуу шаар. Тарыхый имараттардан жан дүйнөң ырахат алып, Али-Баба жана кырк каракчы тууралуу жомокко саамга кирип кеткендей болосуң.


Саякатчыга кеңеш

  • Эгер мүмкүнчүлүгүңүз болсо, Бишкек-Ташкент самолету менен учуңуз, анткени чек арада 5-6 сааттап туруу кыйын. Ташкентке билет кымбат, жолдо өзүңүздү кыйнабай, жок дегенде Анжиян-Ташкент-Анжиян авиабилетин алыңыз (кымбат эмес, бир багыта 20$ тегерегинде).
  • Ылдам поезддерге билетти жеринде эле – вокзалдан алса болот. Кандай болот деп баары бир кооптонсоңуз, Өзбекстандагы досторуңуздан алдын ала билет алып же брондоп коюуну өтүнүңүз. Шашып, бизге окшоп ашыкча акча төлөп албаңыз.
  • Бардык жерде баары менен соодалашыңыз.
  • Узак мөөнөткө бир нерсе тууралуу макулдашып жатсаңыз, улам кайталап, тактап алыңыз, өзгөчө бааларды (ишенимдүүлүк үчүн баарлашууну телефонго жазып алсаңыз болот).
  • Ар бир шаар үчүн саякатка кеминде эки күндөн ажыратыңыз – көрө турчу, бара турчу жайлар аябай көп.
  • Ар бир хостел, мейманканадан ал жакта жашаган күндөрүңүз жазылган маалымат катты алыңыз. Бул чек арадан өткөндө көйгөй жаралбашы үчүн (биз кыргызстандыктар Өзбекстанда каттоосуз үч күндөн ашык жүрө албайбыз).
  • Саякатка эч нерседен баш тартпаш үчүн $300 айланасында акча алыңыз. Мен $200 алган үчүн үнөмдөп, өзүмдү чектегенге туура келди.
  • Өзбекстанга саякат үчүн эң жакшы маал – апрель- майдын башы же августтун аягынан декабрга чейин.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.