Ташиев: “Кемпир-Абаддын” суусун эл эркин пайдаланат

“Кемпир-Абад” суу сактагычындагы сууну биздин жарандар кеңири пайдалана алышат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда билдирди.

“Буга чейин өзбек тараптан биздин жашоочуларга тыюулар болгон. Эми андай болбойт, жарандарыбыз сууну кенен пайдаланышат – балык уулап, мал сугарып, суу ала алышат”, – деди Ташиев.

Бүгүн, 19-апрель күнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын тургундары менен жолугушууга келди.

Ал азыркы учурда тургундарга чек ара боюнча кабыл алынган протоколду түшүндүрүүдө.

Эске салсак, буга чейин аталган айыл аймактын тургундары “Кемпир-Абад” суу сактагычын Өзбекстанга бербөө талабын коюп, УКМКнын төрагасынын келүүсүн талап кылышкан.

Маалымат толукталат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.