Таш-Көмүрдө 41 жаштагы адам көлмөгө чөгүп кетти

Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 19-майда саат 17:50 чамасында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында Үч-Жаңгак эс алуу жайында 1980-жылы туулган 41 жаштагы адам көлмөгө чөгүп кеткен.

Сөөктү издөөгө 12 куткаруучу, беш полиция кызматкери жана 25 жергиликтүү тургун тартылган. Ал табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.