Тартип сакчысын коркуткан айдоочу аял боюнча кылмыш иши козголду

2020-жылдын 31-марты күнү айдоочу аял күйөөсүнүн кызмат орду менен милиция кызматкерин коркуткан жана оозго алгыс жаман сөздөр менен сөгүнгөн видео интернет булактарына жарыяланган. Учурда бул айдоочу аялдын өздүгү аныкталып, 1979-жылы  туулган  Ош шаарынын жашоочусу Д.А экендиги белгилүү болду.

“Бул факт Ош шаардык ички иштер  башкармармалыгынын кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун  бирдиктүү реестрине КР жазык кодексинин 355- беренесинин (  Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) белгилери менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши  ачылды”,- деп маалымдады Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондору боюнча коменданттын маалымат борбору.

Тергөө иштерин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы алып барууда.

Ал эми күйөөсү болсо УКМКнын ооруканасындагы жарым штаттык бирдикте иштеген дарыгер болгондугун, ал бүгүн жумушунан кеткендигин УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов маалымдады деп “коом press” сайты жазды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген