Тамак жеткирүү – чакан, кирешелүү бизнес. План түзөбүз!

Учурда шаар жерлериндегилер тамак  жеткирүү кызматын активдүү пайдалана баштады. Кафе же ресторанга телефон чалып, же онлайн буюртма бергендер бар. Кыскасы 30 мүнөт ичинде өзүңүз каалаган, бир гана сиз үчүн жасалган тамакты алдыра аласыз. Тамак жеткирүү- Кыргызстанда  жаңыдан гана өнүгүп келе жаткан  тармактардын бири. Ага карабай учурдун актуалдуу бизнесине айланып жатат. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай биринчилерден болуп сиз пайдаланып калыңыз.

Кафе же үй…

Ушул чөйрөдөн өзүңүздү сынамакчы болдуңуз. Сизде ресторан, кафе же тез татым жайын ачууга мүмкүнчүлүк жок. Ишкерликтин бул түрү көп тармактуу. Мисалы, өзү жашаган аймактагы кафе-ресторан менен кызматташыңыз. Алар сизге даярдап берет, сиз жеткиресиз. Кирешени тамакка коюлган баадан тапса болот. Же үйдө отуруп, өзүңүз даярдаңыз. Мүмкүнчүлүк болсо ижарага ашкана алып, мамлекеттик же жеке ишканаларга тамак жеткирүүнү уюштуруп коюңуз.

-Үйдө отуруп баштайм десе,  жардамчы катары ашпозчу алганы жакшы.  Же болбосо аты чыккан кафелер менен алдын-ала сүйлөшүп алып, мисалы, “Мен сиздердин тамактарыңыздарды жеткирип берем, бирок сиз бир тамактан 10% арзандатуу кылып бересиз. Сизге  кардар болот, а мага жумуш” деп макулдашса болот.  Мисалы, Ошто ашты даяр кылып жеткирип берген чайханалар бар. Бул студенттерге ыңгайлуу. Мисалы, беш-алтоо жашаса , аларга да арзан түшөт”, -дейт бизнес-кеңешчи Искендер Субанкулов.

Кардарларды кантип, кайдан тапса болот?

Компаниянын кирешеси алуучуларга көз каранды. Буюртма канчалык көп түшсө пайдасы да ошончолук. Ишкерликти баштаардан мурда кардар арттыруу жана өзүн жарнамалоону эске алыш керек. Мамлекеттик, жеке ишканалар, банк, дүкөн, базарларга барып аш тизме менен кошо визитка таштаңыз. Эгер колуңуздан келсе тамактарыныздан аз-аздан жасай барган оң. Даамы жакса, ошол жерден дароо эле кардар арттырасыз. Кийинки  ыкма интернет менен иштөө. Жеке сайт ачып же социалдык баракчаларга табитти ачкан тамак-аш сүрөттөрүн  жайгаштырыңыз. Ар бир даамдын так баасын жана аталышын коюп чыгыш керек.  Баса, көрк үчүн деп аш тизмеде жок тамактарды жайгаштырбаңыз. Андайда кардар жоготуп аласыз.

Балким бул сиздин кыялыңыздагы бизнестир? Тамак-аш жеткирүү кызматын кантип жолго салса болот? Сизден эмне талап кылынат? “Бизнес башта” программасынан жооп алыңыз.

Сүрөт: www

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген