Тамак жасап жеп, таза абада сейилдегенге шарттары бар абак ачылат

Өмүр бою эркинен ажырагандар үчүн жеңилдетилген абак ачылат. Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарованын маалыматында, бул абак өмүр бою кесилгендер мөөнөтүн өтөөчү түрмөнүн ичинде ачылганы турат. Андагы 20 жылдан бери камакта олтурган жана өзүн жакшы алып жүргөндөр жеңилдетилген шарттары бар камераларга которулат.

Аталган кызматтын өкүлү билдиргендей, учурда талаптарга жооп берген үч киши бар. Мыйзамга ылайык алар жеңилдетилген камераларга которулат. Аларга өздөрү тамак жасап жегенге, короого чыгып таза абадан дем алганга мүмкүнчүлүктөрү бар.
Жеңилдетилген шарттагы абак Эл аралык кызыл чырым коомунун жардамы менен курулган. Бүгүн, 18-декабрда ачылышы болуп, ага аталган уюмдун Кыргызстандагы жетекчиси Сангита Кениг жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Таалайбек Жапаров катышаары күтүлүүдө.

Өлкөдө мүр бою абакка кесилген адамдардын саны 300гө жакын. Алар Сокулуктагы Жаңы-Жер айылындагы түрмөдө кармалышат.

Булак: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген