Талибандар аялдар үчүн жаңы талаптарды коюшууда

Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган “Талибан” кыймылы Афганистандын жеке университеттеринин студент кыздарына абая (денеси жабык) жана никаб (жүзу жабык) кийүүнү буйруду. Бул тууралуу Франс Пресс агенттиги билдирди.

Кошумчалай кетсек, кыздар университеттен чыкканда алар менен жолукпаш үчүн эркектерден бөлөк окуп, сабактарды 5 мүнөт эртерээк бүтүрүшү керек. Студент кыздарга аялдар гана сабак өткөрө алышат, эгер андайга мүмкүнчүлүк болбосо, анда абройлуу улгайган эркектер сабак беришет.

Бир жума мурун талиптер Кандагар провинциясында музыкага жана аялдардын үнүнө тыюу салганын Pajhwok жергиликтүү маалымат агенттиги жазып чыкты.

Ошол эле учурда талибдер Кабулда аялдардын демонстрациясында зомбулук көрсөткөн адамдарды кармашканын билдиришти. Анда бир нече киши мылтыктын сабы менен адамдарды сабап, көздөн жаш агызуучу газ колдонгону кабарланган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.