“Талибан” Ооганстанды башкаруу үчүн 12 кишиден турган кеңеш түзмөкчү

Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган радикалдуу Талибан кыймылынын жетекчилиги Ооганстанды башкаруу үчүн кеңеш түзүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Foreign Policy журналына таянып, RG.ru басылмасы жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, кеңештеги эң таасирдүү үч адам талиптердин саясий канатынын лидери Абдул Гани Барадар, аскердик комиссиянын башчысы Моулави Якуб жана талаа командири Сиражуддин Хаккани болушу керек. Республикада президент болбойт, деп белгиленди.

Мурдагы өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө жаңы министрлер кабинетинде министрлик кызматтар сунушталышы мүмкүн.

Эксперттердин айтымында, талибдер эл аралык коомчулук үчүн алгылыктуу администрация түзүүнү каалашат. Жалпысынан кеңешке 12 адам кирмекчи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.