“Талибан” Ооганстандагы согуштун аяктаганын жарыялады

Кыргызстанда тыюу салынган “Талибан” террордук кыймылынын согушкерлери Ооганстандагы согуш аяктаганын жарыялашты. Мындай жыйынтыкка алар өлкөдө алардын бийлигине каршылык көрсөтүүнүн акыркы борбору Панджшир провинциясы кулаган соң келишти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Аймак үчүн чечүүчү салгылашуулар 5 -сентябрда болду. Ага чейин каршылаштар 20 күндөй кармашып, террорчулардын толкундарын биринин артынан бирин кайтарып турушкан. Бул аралыкта алар бир нече жолу эл аралык коомчулукка жардам сурап кайрылышкан, бирок алардын өтүнүчтөрүнө көңүл бурулган эмес.

Ошол эле учурда, каршылыктын твиттердеги баракчасында, бүгүн 6 -сентябрда эртең менен жазылгандай, Панджширдеги салгылашуулар дагы эле уланып жатканы кабарланды. Жоокерлер эркин жана адилеттүү Ооганстан үчүн акырына чейин күрөшөбүз деп ырасташат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.