Таласта баңги затын өстүргөндөрдүн үйүнөн 50 кг марихуана табылды

Таласта өсүмдүк түспөлүндөгү ири баңгизатты даярдоо жана сатуу менен алектенгендер кармалды. Бул тууралуу ИИМнин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык , шектүүлөрдүн биринин үйүн тинтүү учурунда 49 килограмм 600 грамм салмагындагы марихуана баңгизаты табылган.

Ал гана эмес, талаада индия марихуанасын эгип, өстүрүп жүрүшкөндүгү аныкталган. Жалпысынан ал жактан 2 тонна 5 килограмм каннабис алынды.
Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси баш башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген